> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРда жалпы суммасы 26 млн долларды түзгөн конкреттүү бизнес-долбоорлор даярдалууда - президент
- URL: https://im.kg/all/2023/02/14/krda-zhalpy-summasy-26-mln-dollardy-t-zg-n-konkrett-biznes-dolboorlor-dayardaluuda-prezident/
- Published: 2023-02-14T18:09:46.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:59:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Учурда КРда жалпы суммасы 26 млн долларды түзгөн конкреттүү бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда Будапештте өткөн Венгер-Кыргыз бизнес-форумунда сүйлөгөн сөзүндө белгиледи.**

Президенттин маалымат кызматынын билдирүүсүнө таянсак, иш-чарага Венгриянын экономикалык өнүктүрүү министри Мартон Надь, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилери, ошондой эле Кыргызстандын жана Венгриянын туризм жана курулуш, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, фармацевтика, энергетика, өнөр жай өндүрүшү тармактарынын өкүлдөрүнөн турган 100гө жакын ири компаниялар катышкан.

> “Соода-экономикалык кызматташтык боюнча 2021-жылы уставдык капиталы 50 млн доллар болгон Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун түзүлгөнүн белгилей кетүү маанилүү.

Учурда жалпы суммасы **26 млн АКШ долларын** түзгөн конкреттүү бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.

> Мисалы, эки өлкөнүн соода алмашуусу боюнча айтып кетсем, 2022-жылдын 11 айында өлкөлөрүбүздүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү **7.6 млн АКШ долларын эле** түздү. Демек, соода-экономикалык жана өндүрүштүк-инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы импульс берүү маанилүү”, – деди президент.

Ошондой эле Жапаров Венгрия Европа Биримдигинин мүчөсү катары КРга ВСП+ алкагында тарифтик өзгөчө жеңилдиктерди берерин, башкача айтканда, Кыргызстандын продукциясын Венгрияга эч кандай алымдарсыз экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.  

> “Ушуга байланыштуу Венгрияда Кыргызстандын соода үйүн ачуу, өндүрүштү көчүрүү жана Кыргызстандын аймагында экологиялык таза продукцияларды чыгаруу боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайм”, – деди президент.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/138193.jpg_w780_h500_resize.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/138193.jpg%5Fw780%5Fh500%5Fresize.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/138199.jpg_w780_h500_resize.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/138199.jpg%5Fw780%5Fh500%5Fresize.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/138200.jpg_w780_h500_resize.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/138200.jpg%5Fw780%5Fh500%5Fresize.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/138201.jpg_w780_h500_resize.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/138201.jpg%5Fw780%5Fh500%5Fresize.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/138202.jpg_w780_h500_resize.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/138202.jpg%5Fw780%5Fh500%5Fresize.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/138203.jpg_w780_h500_resize.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/138203.jpg%5Fw780%5Fh500%5Fresize.jpg)