КРда жалпы суммасы 26 млн долларды түзгөн конкреттүү бизнес-долбоорлор даярдалууда - президент
Учурда КРда жалпы суммасы 26 млн долларды түзгөн конкреттүү бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда Будапештте өткөн Венгер-Кыргыз бизнес-форумунда сүйлөгөн сөзүндө белгиледи.
Президенттин маалымат кызматынын билдирүүсүнө таянсак, иш-чарага Венгриянын экономикалык өнүктүрүү министри Мартон Надь, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилери, ошондой эле Кыргызстандын жана Венгриянын туризм жана курулуш, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, фармацевтика, энергетика, өнөр жай өндүрүшү тармактарынын өкүлдөрүнөн турган 100гө жакын ири компаниялар катышкан.
“Соода-экономикалык кызматташтык боюнча 2021-жылы уставдык капиталы 50 млн доллар болгон Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун түзүлгөнүн белгилей кетүү маанилүү.
Учурда жалпы суммасы 26 млн АКШ долларын түзгөн конкреттүү бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.
Мисалы, эки өлкөнүн соода алмашуусу боюнча айтып кетсем, 2022-жылдын 11 айында өлкөлөрүбүздүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 7.6 млн АКШ долларын эле түздү. Демек, соода-экономикалык жана өндүрүштүк-инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы импульс берүү маанилүү”, – деди президент.
Ошондой эле Жапаров Венгрия Европа Биримдигинин мүчөсү катары КРга ВСП+ алкагында тарифтик өзгөчө жеңилдиктерди берерин, башкача айтканда, Кыргызстандын продукциясын Венгрияга эч кандай алымдарсыз экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.
“Ушуга байланыштуу Венгрияда Кыргызстандын соода үйүн ачуу, өндүрүштү көчүрүү жана Кыргызстандын аймагында экологиялык таза продукцияларды чыгаруу боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайм”, – деди президент.