> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош шаардык билим берүү башкармалыгы 1.9 млн сомду иштебеген жарандардын карталарына которгон
- URL: https://im.kg/all/2023/02/14/osh-shaardyk-bilim-ber-bashkarmalygy-1-9-mln-somdu-ishtebegen-zharandardyn-kartalaryna-kotorgon/
- Published: 2023-02-14T15:58:26.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:09:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ош шаардык прокуратурасы Ош шаардык билим берүү башкармалыгында текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында, 2022-жылы мекеме мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргендигин аныктаган. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.**

> Прокурордук текшерүүдө, аталган башкармалыктын кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, **башкармалыкта жана эч бир мектепте иштебеген тааныштарынын наамына ачылган банктык карталарына жалпы 1 млн 905 миң сом** акча каражатын эмгек акы үчүн деп мыйзамсыз которушуп, ал карталардан акчаларды чыгарышып, өздөрүнүн пайдасына сиңирип жок кылышкандыгы тастыкталган. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынын кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.