Ош шаардык билим берүү башкармалыгы 1.9 млн сомду иштебеген жарандардын карталарына которгон

Ош шаардык прокуратурасы Ош шаардык билим берүү башкармалыгында текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында, 2022-жылы мекеме мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргендигин аныктаган. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Прокурордук текшерүүдө, аталган башкармалыктын кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, башкармалыкта жана эч бир мектепте иштебеген тааныштарынын наамына ачылган банктык карталарына жалпы 1 млн 905 миң сом акча каражатын эмгек акы үчүн деп мыйзамсыз которушуп, ал карталардан акчаларды чыгарышып, өздөрүнүн пайдасына сиңирип жок кылышкандыгы тастыкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынын кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.