> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто ипотекалык шартта турак-жай берүүнүн шарттары өзгөртүлдү
- URL: https://im.kg/all/2023/02/14/oshto-ipotekalyk-shartta-turak-zhaj-ber-n-n-sharttary-zg-rt-ld/
- Published: 2023-02-14T17:28:25.000Z
- Updated: 2023-02-14T17:28:40.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ош шаарында “Ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” жобого бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясында маалым болду.**

Эми ипотекалык турак жайды сатып алуучу КРнын жөндөмдүү жарандары гана эмес, **юридикалык жактар да боло алат**. 

**Мындан тышкары:** 

- **18 жаштан** (арыз берилген учурга) **70 жашка чейин** (акыркы төлөө суммасын төлөп берген учурга) деп өзгөртүлдү. Буга чейин 65 жашка чейин деп белгиленген
- акыркы 5 жыл ичинде КРнын аймагында кыймылсыз мүлкү (үй, батир, жеке турак-жай куруу үчүн жер тилке жана коммерциялык жай) жок болушу керек. Бул талап чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө да тиешелүү
- шаарда туруктуу жашоо жана тиешелүү **каттоого туруу мөөнөтү 5 жылдан 3 жылга кыскартылды**
- үй-бүлөнүн бардык бойго жеткен мүчөлөрү үчүн муниципалдык ипотекалык программа боюнча турак жайды сатып алууга **макулдук берүү зарылчылыгы алынып салынды**
- акыркы 5 жыл ичинде КРнын бүткүл аймагында турак-жай боюнча эч кандай жарандык-укуктук бүтүмдөр болбогон (ижара жана курулушу башталбаган турак үйүн алуу жөнүндө үлүштүк курулушка катышуу келишимдеринен сырткары). Бул талап чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө да тиешелүү
- катталган жарандардын арасында турак жайды бөлүштүрүү батирлерди чүчү кулак кармоонун негизинде жүргүзүлөт.

> “Кошумчалай кетсек, ипотекалык турак-жай алуу үчүн жаран мобилдик тиркеме аркылуу өтүнмө берет. Атайын программа жарандардын тиешелүү иш кагаздары толук болгон учурда жарандын арызы кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирме берет. 
> 
> Бул жарандын арызынын кабыл алынгандыгын жана кезекке тургандыгын тастыктайт. Жаран автоматтык түрдө тизмеге кирет. Бул жөнүндө маалыматты Сатуучунун атайын электрондук сайтынан көрө алат”, – деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.