> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк сомдун курсун кармап туруу үчүн валюта рыногуна дагы 40 млн доллар сатты
- URL: https://im.kg/all/2023/02/14/uluttuk-bank-somdun-kursun-karmap-turuu-ch-n-valjuta-rynoguna-dagy-40-mln-dollar-satty/
- Published: 2023-02-14T09:22:49.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:45:02.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын Улуттук банкы 13-февралда валюта рыногуна 40.2 млн доллар сатты. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалды.** 

Валютаны сатуу бүтүм жасалган күндөн башка күнгө эсептешүү менен ишке ашкан.

> Бул жыл башынан бери регулятордун үчүнчү интервенциясы. Жалпысынан 2023-жылы Улуттук банк валюта рыногуна 191.57 млн доллар сатты.

2022-жылы өлкөнүн башкы банкы валюта рыногуна 15 жолу интервенция менен чыккан. Анын ичинен сегиз интервенцияда [486.5 млн АКШ долларын](http://localhost/info-portal/news/2022/12/29/uluttuk-bank-byjyl-deerlik-zharym-mlrd-dollar-ichki-valjuta-rynoguna-chygardy-baary-bir-lk-d-dollar-deficit/) банктарга саткан. Чет элдик валютанын наркын текшилөө максатында дагы жети тескери интервенция жүргүзүп, 190.7 млн долларды кайра сатып алган.