«Кудай өзүң сакта» деп жашагандан башка аргабыз жок - Садыр Жапаров көп кабаттуу үйлөр тууралуу

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде Түркиядагы жер титирөө тууралуу айтып жатып, Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн абалына да токтолду.

Президент Түркия элине терең кайгыруу менен көңүл айтып жана ошондой эле Бишкектеги үйлөрдүн деле акыбалы жакшы эмес экенин айтты.

“Эми бизде салынган көп кабаттуу үйлөргө токтоло турган болсок, биз дагы “Кудай өзүң сакта” деп жашагандан башка аргабыз жок. Союз чачырагандан берки акыркы 32 жылда бир топ көп кабаттуу үйлөр салынды. Союз маалында көзөмөл жакшы болчу. Андан бери көзөмөл начарлады. Айрыкча акыркы 10 жылда салынган көп кабаттуу үйлөрдүн кандай салынганын бир Кудай өзү билет. Эгер кулап калса, анда жашаган адамдардын убал-сообу ошол үйлөрдү салган адамдардын, буга чейинки Мамкурулушка тиешелүү архитекторлордун абийиринде калат.

Кыскасы мурдагы мэрлер, Мамкурулуш, архитектура кызматкерлери аман эле болушсун. Өздөрү кошо коррупцияга кекиртегинен батып кетишкен экен. Азыр эми биз алардын “кирин” тазалап жатабыз. Эми буга чейин салынып баштап, бирок анча-мынча бүтпөй калган үйлөрдү гана, эгер кызыл сызыкка кирип кетпеген болсо, аягына чыгарганга уруксат беришибиз мүмкүн”, – деди президент.

Ошондой эле ал мындан ары башаламан курулуштар болбой турганын, жаңы салынып жаткан көп кабаттуу курулуштардын сапаты толук мамлекеттин көзөмөлүнө алынарын кошумчалады.