> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан энергетика тармагына жабдууларды алууга венгриялык компания менен кызматташат
- URL: https://im.kg/all/2023/02/15/kyrgyzstan-energetika-tarmagyna-zhabduulardy-aluuga-vengriyalyk-kompaniya-menen-kyzmattashat/
- Published: 2023-02-15T09:24:57.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:29:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров кечээ, 14-февралда Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында энергетика тармагына керектүү жабдууларды чыгаруучу Ganz Transformers and Electric Rotating Machines Ltd компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.**

Мамлекет башчыга ишкананын продукциялары – жогорку чыңалуудагы электро-техникалык жабдууларды тейлөөчү трансформаторлор, электр кыймылдаткычтар жана генераторлор жөнүндө маалымат берилди.

Жапаров компаниянын өкүлдөрүнөн өндүрүлгөн продукциялар тууралуу кененирээк сурап, аны ГЭСтерге орнотуу үчүн Кыргызстанга жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүнө кызыкты.

> “Ишканага барып келгенден кийин Президент Садыр Жапаров аны коштоп барган тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине конкреттүү тапшырмаларды берди.

> Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун долбоорлорунун алкагында **Ganz Transformers and Electric Rotating Machines Ltd компаниясы менен кызматташуу күтүлүүдө**“, – деп айтылат билдирүүдө.

Аталган компания электр жабдууларын өндүрүү боюнча үч ири европалык ишканалардын бири болуп саналат, ошондой эле ар кандай колдонуу үчүн трансформаторлорду долбоорлоо жана сыноо боюнча адистешкен.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/138251.jpg_w780_h500_resize.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/138251.jpg%5Fw780%5Fh500%5Fresize.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/138250.jpg_w780_h500_resize.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/138250.jpg%5Fw780%5Fh500%5Fresize.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/138245.jpg_w780_h500_resize.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/138245.jpg%5Fw780%5Fh500%5Fresize.jpg)