Кыргызстан жумушсуздук боюнча ЕАЭБде экинчи орунда турат

Кыргызстан жумушсуздуктун деңгээли боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен эң жогорку көрсөткүчтөргө ээ. Буга бирикменин статистика башкармасынын маалыматтары далил болот.

2022-жылдын акырына карата ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ишке орноштуруу кызматтарында 824.3 миң адам же жумушчу күчүнүн 1%дан азы катталган. 2021-жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу ЕАЭБде расмий жумушсуздардын саны 18.7%га азайган.

Жумушсуздуктун деңгээли боюнча Кыргызстан экинчи орунда турат, башкача айтканда, калктын санына жараша 2.8%га барабар. ЕАЭБде жумушсуздуктун деңгээли Арменияда (3.6%) гана жогору.