Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы АКШда өкүлчүлүгүн ачуу мүмкүнчүлүгүн карашууда

Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы (ЖТП) башка технопарктар менен биргеликте АКШда өкүлчүлүгүн ачуу мүмкүнчүлүктөрүн карап жатышат. Бул тууралуу ЖТПнын директору Чубак Темиров билдирди.

Белгилей кетсек, IT Startup house долбоору (аты азыр деле иштеп жатат) Digital Astana жана Digital Алматыда активдүү талкууланган. АКШда өкүлчүлүк ачылса, резиденттерге инвестиция тартуу жана бизнесин кеңейтүү оңой болот.

«Акыркы беш жылдыктын динамикасы боюнча, биз жыл сайын эки эсеге көбөйүп жатабыз. 2022-жылдын аягында биз эки эселенген өсүштү көрсөтүп, экспорттун көлөмү боюнча Борбордук Азиядагы бардык технопарктардан өттүк. Биздин негизги максатыбыз – 1 млрд доллар акча жүгүртүүгө жетүү», – деди Темиров.

Мындан тышкары, ал бул жылы ЖТП атайын демилгелер фондун уюштуруп, ал стартаптарды колдоого багыттала турганын кошумчалады.

Ошондой эле Темиров ЖТП IT форумун жана Central Asian Tech Awards 2023 сыйлыгынын уюштуруучуларынын бири экенин билдирди. Парк Борбордук Азиядагы башка технопарктар менен биргеликте Силикон өрөөнүнө сапарга да демөөрчү болмокчу.