Made in KYRGYZSTAN: Кыргызстандын лифттери Россияга экспортко даярдалууда

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу оор өнөр жайга тиешелүү жогорку технологиялык жабдууларды экспорттой
баштады. Бул тууралуу Sky Industrial Group компаниясынын маалымат кызматы билдирди.

Өткөн жылдын август айында SKY ELEVATORS «МТК» бөлүштүрүү компаниясы менен SKY INDUSTRIAL GROUP заводунда чыгарылган лифт жабдууларын Россияга экспорттоо боюнча келишим түзгөн.

Эскерте кетсек, завод мындан бир жыл мурда ачылган, буга чейин бир нече жабдууларды чыгаруучу линияларды ишке киргизген. Бүгүнкү күндө SKY ELEVATORS компаниясынын лифттери Бишкек шаарында гана эмес, Кыргызстандын башка аймактарында да имараттарга орнотулган. Анын ичинде борбор калаанын лифттик жабдууларын модерниязациялоо ишке ашырыла баштаган.

“Кыргызстанда биринчи көп тармактуу заводдо дистрибьюторлордун заказы менен даярдалган лифттер жакында жүктөөгө жана Россияга жөнөтүүгө даярдалууда”, – дейт компания.

Даяр лифттердин өздүк наркын чет өлкөдөн ташып келгенге караганда 30%га төмөндөтөт. SKY INDUSTRIAL GROUP Борбордук Азия рыногунда жогорку технологиялуу Made in KYRGYZSTAN продуктусун киргизүүгө даяр.

Заводдо ошондой эле брондолгон сырткы эшиктер өндүрүшкө
киргизилип, “Тунук” бренди менен суу тазалоочу курулмаларды куруу башталат. Азыртадан эле завод жылына 1 миң даана жабдууларды чыгарууга даяр.


Кыргызстанда биринчи жолу бийиктиги 104 метр болгон асман тиреген имарат курулат

Кыргызстандык Sky Elevators компаниясы Россияга лифттерди экспорттой баштайт

Биринчи лифт заводун Кыргызстанда кантип ачтым – Рахат Жунушбаева менен маек