> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Тазалык» 200 млн сомго жаңы техника сатып алат
- URL: https://im.kg/all/2023/02/15/tazalyk-200-mln-somgo-zha-y-tehnika-satyp-alat/
- Published: 2023-02-15T10:13:29.000Z
- Updated: 2023-02-15T10:13:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын декабрь айында мэрия тарабынан 200 млн сом бөлүнүп, 29 техника сатып алуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Бул тууралуу «Тазалык» муниципалитеттик мекеменин директору Рамиз Алиев билдиргенин 24.kg маалымдады.**

Алиевдин айтымында, техникалар марттын аягында келип калат. Акыркы жолу техникалар 2015-жылы кредиттик каражатка алынган. 

> “Алар беш-жети жыл бузулбай жакшы иштейт, бирок тынымсыз иштегендиктен кийин көйгөйлөр чыгып баштайт. Ишкананын натыйжалуу иштеши үчүн жылына беш-алты машина сатып алуу зарыл”, – дейт ал.

Ошондой эле Алиев таштанды чыгарууга тарифти көтөрүү аргасыз чара болгонун жана акыркы жолу 2016-жылы көтөрүлгөнүн айтат.

> «Ал кезде калк үчүн таштанды чыгаруу бир адамга айына 22.5 сом жана пенсионерге 6 сом, коммерциялык объектилер үчүн 225 сом болгон. Тариф бекитилгенде ишкананын чыгашасын: эмгек акы, күйүүчү май сыяктуу чыгымдар жабылчу. 2017-жылга чейин баары жакшы болчу, бирок кийин негизги чыгымдардын баасы кескин көтөрүлүп, 22.5 сом аны жабууга жетпей калды. 

> Маселен, тариф бекитилип жатканда дизель майы 35 сом болсо, бүгүнкү күндө 72 сом болуп кетти. «Тазалык» унаалардын кыймылын кыскартууга аргасыз болуп, натыйжада графиктен чыгып, таштандылар өз убагында чыгарылбай жатат», – деди Алиев.

Ошондой эле ал тарифтердин көтөрүлүшү менен таштанды чыгаруу маселеси жакшырарын кошумчалады.

---

[Индиялык компания Ошто таштандыларды кайра иштетүүчү завод курат](http://localhost/info-portal/news/2023/02/13/indiyalyk-kompaniya-oshto-tashtandylardy-kajra-ishtet-ch-zavod-kurat/)

[ЕРӨБ Кыргызстандагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүүгө даяр](http://localhost/info-portal/news/2023/02/09/er-b-kyrgyzstandagy-infrastrukturalyk-dolboorlordu-ishke-ashyruuga-k-m-kt-sh-g-dayar/)

[Бишкекте санитардык нормаларды бузган бир катар компаниялар жоопко тартылат — тизмеси](http://localhost/info-portal/news/2022/11/15/bishkekte-sanitardyk-normalardy-buzgan-bir-katar-kompaniyalar-zhoopko-tartylat-tizmesi/)