«Тазалык» 200 млн сомго жаңы техника сатып алат

2022-жылдын декабрь айында мэрия тарабынан 200 млн сом бөлүнүп, 29 техника сатып алуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Бул тууралуу «Тазалык» муниципалитеттик мекеменин директору Рамиз Алиев билдиргенин 24.kg маалымдады.

Алиевдин айтымында, техникалар марттын аягында келип калат. Акыркы жолу техникалар 2015-жылы кредиттик каражатка алынган.

“Алар беш-жети жыл бузулбай жакшы иштейт, бирок тынымсыз иштегендиктен кийин көйгөйлөр чыгып баштайт. Ишкананын натыйжалуу иштеши үчүн жылына беш-алты машина сатып алуу зарыл”, – дейт ал.

Ошондой эле Алиев таштанды чыгарууга тарифти көтөрүү аргасыз чара болгонун жана акыркы жолу 2016-жылы көтөрүлгөнүн айтат.

«Ал кезде калк үчүн таштанды чыгаруу бир адамга айына 22.5 сом жана пенсионерге 6 сом, коммерциялык объектилер үчүн 225 сом болгон. Тариф бекитилгенде ишкананын чыгашасын: эмгек акы, күйүүчү май сыяктуу чыгымдар жабылчу. 2017-жылга чейин баары жакшы болчу, бирок кийин негизги чыгымдардын баасы кескин көтөрүлүп, 22.5 сом аны жабууга жетпей калды.

Маселен, тариф бекитилип жатканда дизель майы 35 сом болсо, бүгүнкү күндө 72 сом болуп кетти. «Тазалык» унаалардын кыймылын кыскартууга аргасыз болуп, натыйжада графиктен чыгып, таштандылар өз убагында чыгарылбай жатат», – деди Алиев.

Ошондой эле ал тарифтердин көтөрүлүшү менен таштанды чыгаруу маселеси жакшырарын кошумчалады.


Индиялык компания Ошто таштандыларды кайра иштетүүчү завод курат

ЕРӨБ Кыргызстандагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүүгө даяр

Бишкекте санитардык нормаларды бузган бир катар компаниялар жоопко тартылат — тизмеси