> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өткөн жылы 3 млрд сомдук техника дыйкандарга лизингге берилди
- URL: https://im.kg/all/2023/02/15/tk-n-zhyly-3-mlrd-somgo-tehnika-dyjkandarga-lizingge-berilgen/
- Published: 2023-02-15T09:07:20.000Z
- Updated: 2023-02-15T09:10:11.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Быйылкы жылдын 1-январына карата 2011-жылдан бери бардыгы болуп 9.4 млрд сомго 4772 даана техника лизинг долбоорлору аркылуу дыйкандарга берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

> Министрлик 2022-жылы 3 млрд сомго **983** техника берилгендигин тастыктады. Ал эми быйыл 1-февралга карата болсо, 79.2 млн сомго 13 даана техника берилген.

Техниканын түрлөрү боюнча 2011-жылдан бери 2903 трактор, 212 дан комбайны, 21 кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар, 849 айыл чарба машиналары, 767 спецтехника, 20 унаа каражаттары берилген.

Ал эми 2022-жылы 633 трактор, 34 дан комбайны, 5 кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар, 211 айыл чарба машиналары, 560 спецтехника, 5 унаа каражаттары берилген.