Өткөн жылы 3 млрд сомдук техника дыйкандарга лизингге берилди
Быйылкы жылдын 1-январына карата 2011-жылдан бери бардыгы болуп 9.4 млрд сомго 4772 даана техника лизинг долбоорлору аркылуу дыйкандарга берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Министрлик 2022-жылы 3 млрд сомго 983 техника берилгендигин тастыктады. Ал эми быйыл 1-февралга карата болсо, 79.2 млн сомго 13 даана техника берилген.
Техниканын түрлөрү боюнча 2011-жылдан бери 2903 трактор, 212 дан комбайны, 21 кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар, 849 айыл чарба машиналары, 767 спецтехника, 20 унаа каражаттары берилген.
Ал эми 2022-жылы 633 трактор, 34 дан комбайны, 5 кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар, 211 айыл чарба машиналары, 560 спецтехника, 5 унаа каражаттары берилген.