Өткөн жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 33.6 млрд сом бөлүнгөн

2022-жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө Кыргызстандын бюджетинен 33.6 млрд сом бөлүнгөн. Мындай маалымат Финансы министрлигинин сайтында жарыяланды.

Министрлик белгиленгендей, ички карызды тейлөөгө дээрлик – 11.5 млрд сом, ал эми тышкы тейлөөгө – 22.1 млрд сом бөлүнгөн.

Эске салсак, жыл жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 434.4 млрд сомду (5.2 млн доллар) түзгөн. Бирок Финансы министрлиги так маалымат жарыялай элек.


Кыргызстан Кытайдын Эксимбанкына жана башка 14 кредиторго тышкы карызын азайтты

Мамлекеттик жана тышкы карызды тейлөөгө 39.5 млрд сом жумшалды