> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоону тармактык комитет жактырды
- URL: https://im.kg/all/2023/02/16/azerbajzhan-kyrgyz-n-kt-r-fondun-t-z-zh-n-nd-makuldashuunu-ratifikaciyaloonu-tarmaktyk-komitet-zhaktyrdy/
- Published: 2023-02-16T11:35:28.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:37:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жогорку Кеӊештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.** 

Фонд агроөнөр жай комплекси, тигүү жана текстиль өнөр жайы, кайра иштетүү өнөр жайы, тоо-кен металлургия өнөр жайы, транспорт, турак жай курулушу, соода, энергетика комплекси, инфраструктураны өнүктүрүү, туризм жана башка тармактарды каржылоону ишке ашырат. 

> Фондду башкарууну Фонддун Кеңеши жана Фонддун Башкармасы ишке ашырат. Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, азербайжан тараптын Фонддун уставдык капиталына салымы **25 млн долларды** түзөт.

Макулдашуунун максаты – КР менен Азербайжандын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосундагы соода, инвестициялык жана финансылык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү, ошондой эле КРнын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн кошумча финансылык ресурстарды мобилизациялоо болуп саналат.