Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоону тармактык комитет жактырды

Жогорку Кеӊештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.

Фонд агроөнөр жай комплекси, тигүү жана текстиль өнөр жайы, кайра иштетүү өнөр жайы, тоо-кен металлургия өнөр жайы, транспорт, турак жай курулушу, соода, энергетика комплекси, инфраструктураны өнүктүрүү, туризм жана башка тармактарды каржылоону ишке ашырат.

Фондду башкарууну Фонддун Кеңеши жана Фонддун Башкармасы ишке ашырат. Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, азербайжан тараптын Фонддун уставдык капиталына салымы 25 млн долларды түзөт.

Макулдашуунун максаты – КР менен Азербайжандын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосундагы соода, инвестициялык жана финансылык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү, ошондой эле КРнын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн кошумча финансылык ресурстарды мобилизациялоо болуп саналат.