> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Экономика министрлиги ИДПны 1 трлн сомдон ашыруу планын айтты
- URL: https://im.kg/all/2023/02/16/ekonomika-ministrligi-idpny-1-trln-somdon-ashyruu-planyn-ajtty/
- Published: 2023-02-16T14:46:03.000Z
- Updated: 2023-02-16T14:46:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ички дүң продукциянын көлөмүн 1 трлн сомдон ашыруу планы тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бүгүн, 16-февралда 2022-жылдын жыйынтыгы жана 2023-жылга карата пландары боюнча ведомстволор аралык коллегиянын жыйынында билдиргенин “Кабар” маалымат агенттиги билдирди.**

Министрдин айтымында, бул планды ишке ашыруу үчүн жалпы өнүктүрүү фондунан каражат тартылып, конкреттүү инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат.

> “Өнүгүүнүн башкы көрсөткүчү – экономиканы 5%дан кем эмес өсүүсү же ички дүң продукциянын көлөмүн **1 трлн сомдон** ашыруу. Бул багытта реалдуу секторду бекемдөө, өндүрүштүк, экспорттук жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар кабыл алынат. Ошол эле учурда импортко көз карандылыкты азайтуу аракеттери көрүлөт”, – деди министр.

---

[2022-жылы ИДП 919 млрд сомдон ашты — 7%га өстү](http://localhost/info-portal/news/2023/01/13/2022-zhyly-idp-919-mlrd-somdon-ashty/)

[3.5%дан 7%га чейин — 2023-жылга Кыргызстандын ИДПсы боюнча эл аралык институттардын божомолдору](http://localhost/info-portal/ekonomika/2023/01/10/3-5-dan-7-ga-chejin-2023-zhylga-kyrgyzstandyn-idpsy-bojuncha-el-aralyk-instituttardyn-bozhomoldoru/)