Экономика министрлиги ИДПны 1 трлн сомдон ашыруу планын айтты

Ички дүң продукциянын көлөмүн 1 трлн сомдон ашыруу планы тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бүгүн, 16-февралда 2022-жылдын жыйынтыгы жана 2023-жылга карата пландары боюнча ведомстволор аралык коллегиянын жыйынында билдиргенин “Кабар” маалымат агенттиги билдирди.

Министрдин айтымында, бул планды ишке ашыруу үчүн жалпы өнүктүрүү фондунан каражат тартылып, конкреттүү инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат.

“Өнүгүүнүн башкы көрсөткүчү – экономиканы 5%дан кем эмес өсүүсү же ички дүң продукциянын көлөмүн 1 трлн сомдон ашыруу. Бул багытта реалдуу секторду бекемдөө, өндүрүштүк, экспорттук жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар кабыл алынат. Ошол эле учурда импортко көз карандылыкты азайтуу аракеттери көрүлөт”, – деди министр.


2022-жылы ИДП 919 млрд сомдон ашты — 7%га өстү

3.5%дан 7%га чейин — 2023-жылга Кыргызстандын ИДПсы боюнча эл аралык институттардын божомолдору