Ишкерлер 18 банктан «Кепилдик фондунун» колдоосу менен насыя алса болот
Өлкөнүн кичи жана орто бизнесин каржылаган “Кепилдик фонду” ААКнын өнөктөштөрүнүн саны өткөн жылы жыйырма үчкө өстү. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.
18 банктан, үч микрофинансылык мекемеден жана эки өнүктүрүү фондундан бизнесмендер “Кепилдик фонд” ААКнын колдоосу менен насыя ала алышат.
2022-жылы «Кепилдик фонд» ААК «Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонд» ААК, «ФинансКредитБанк» ААК, «Элет-Капитал» ЖАК МК жана «АБН» МФК ААК менен чакан жана орто бизнеске кепилдиктерди берүү боюнча кызматташуу келишимине кол коюшкан.
Кепилдик менен бизнести өнүктүрүү үчүн кредиттер республиканын бардык аймактарында берилет. Өлкөнүн алты облусунда «Кепилдик фонду» ААКтын филиалдары, өнөктөш банктарда 300гө жакын филиалдар бар.
2022-жылдын 31-декабрына карата «Кепилдик фонд» ААКнын ишинин бүткүл мезгилине өнөктөш банктар тарабынан кепилдикке берилген кредиттердин көлөмү 18 млрд сомдон ашыкты түздү.
Эске сала кетсек, «Кепилдик фонд» ААКнын өнөктөш банктары болуп төмөнкүлөр саналат:
• «Айыл Банк» ААК
• «Бай-Түшүм» ААК
• «Бакай Банк» ААК
• «Азия Банкы» ЖАК
• «Банк Компаньон» ЖАК
• «Демир Кыргыз Интернешнл Банк» ААКсы
• «Капитал Банк» ААК
• «Керемет Банк» ААК
• «Коммерциялык банк Кыргызстан» ААК
• «KICB» ЖАК
• «Кыргыз-Швейцария Банкы» ЖАК
• «Оптима Банк» ААК
• «РСК Банк» ААК
• «ФИНКА Банк» ЖАК
• «Халык Банк Кыргызстан» ААКсы
• «Дос-Кредобанк» ААК
• «Кыргызкоммерцбанк» ААКсы
• «Салым Финанс» ОАО МФК
• «Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду» ААК
• «Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду» ААК
• «ФинансКредитБанк» ААК
• «Элет-Капитал» МК ЖАК
• «МФК AАК».