Кыргызстанда доллардын базар баасы көтөрүлө баштады

Кыргызстанда доллардын базар баасы көтөрүлүп баштаганы байкалды.

Бүгүн, 15-февралда саат 10.30га карата Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларда 1 доллардын курсу 88 сом (сатып алуу) 88.32 сомдун (сатуу) тегерегинде  болуп жатканын Valuta.kg сайты маалымдады.

Улуттук банктын койгон доллардын расмий курсу болсо — 86.9700 сом өлчөмүндө белгиленди.

Ал эми коммерциялык банктарда америкалык валютанын курсу бираз төмөн экени байкалат.