Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга кыргызстандыктар 26 млн сом чогултушту

Жер титирөөдөн жабыркаган Түркиянын жарандары үчүн ачылган атайын эсепке бүгүн, 16-февраль күнүнө карата 26.3 млн сом жана 13.5 миң рубль чогулган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

  • Банк: «Айыл Банк» ААК
  • ИНН 01803199710084
  • БИК 135001
  • ОКПО 30597768
  • Эсеп № 1350102119900169 «КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, рубль, АКШ доллары, евро)
  • Төлөм коду 14411100 – «Учурдагы жардам»
  • Максаты: Түркия Республикасына жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.