> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өткөн жылы калкты жана бизнести колдоо үчүн 133 млрд сом бөлүндү
- URL: https://im.kg/all/2023/02/16/tk-n-zhyly-kalkty-zhana-biznesti-koldoo-ch-n-133-mlrd-som-b-l-nd/
- Published: 2023-02-16T15:27:50.000Z
- Updated: 2023-02-16T15:27:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылы калкты жана бизнести колдоо үчүн 133 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев министрликтин 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана 2023-жылга пландары боюнча** **коллегиясынын жыйынындагы баяндамасында билдирди.**

Министрдин маалыматына таянсак, иш жүзүндө калкты жана бизнести колдоо үчүн **133 млрд сом** бөлүндү, анын ичинде:

- азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн айыл чарба муктаждыктарына, ирригацияга жана эң керектүү товарларга бааларды турукташтыруу боюнча иш-чараларга **8.5 млрд сом**
- социалдык тармакка **35.8 млрд сом**
- финансылык туруктуулукка **36 млрд сом**
- ишкерлерди колдоого **37.5 млрд сом**
- энергетикалык коопсуздукка **15.3 млрд сом** сарпталды.