Өткөн жылы калкты жана бизнести колдоо үчүн 133 млрд сом бөлүндү

2022-жылы калкты жана бизнести колдоо үчүн 133 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев министрликтин 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана 2023-жылга пландары боюнча коллегиясынын жыйынындагы баяндамасында билдирди.

Министрдин маалыматына таянсак, иш жүзүндө калкты жана бизнести колдоо үчүн 133 млрд сом бөлүндү, анын ичинде:

  • азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн айыл чарба муктаждыктарына, ирригацияга жана эң керектүү товарларга бааларды турукташтыруу боюнча иш-чараларга 8.5 млрд сом
  • социалдык тармакка 35.8 млрд сом
  • финансылык туруктуулукка 36 млрд сом
  • ишкерлерди колдоого 37.5 млрд сом
  • энергетикалык коопсуздукка 15.3 млрд сом сарпталды.