«Айыл Банк» активдеринин өлчөмү боюнча да алдыга чыкты. Мурдагы лидер 5-орунга түштү. Рейтинг — 2022

Кыргызстандын коммерциялык банктары 2022-жылы рекорддук киреше алышты. Ошол эле маалда алардын активдери да өскөн, Economist банктардын жылдык отчетторун изилдеп чыгып, алар 36%га — 354 млрд сомдон 479.7 млрд сомго чейин өскөнүн аныктады.

Акыркы бир жылда активдери боюнча банктардын рейтингинде лидер өзгөрдү — Айыл Банк активдерин 103%га, тагыраак айтканда, 39.9 млрд сомдон 80.9 млрд сомго чейин көбөйттү. Алдыңкы үчтүккө «РСК Банк» – 51.8 млрд сом жана «Бакай Банк» – 51.3 млрд сомдук активдери менен кирди.

4-орунду болсо «Демир Банк» ээледи — ал активдерин 30.1 млрд сомдон 47.9 млрд сомго көбөйттү. Былтыркы лидер «Оптима Банк» тескерисинче, активдерин 71 млрд сомдон 46.8 млрд сомго кыскартып, 5-орунга илинди.

Рейтингде үч гана банктын активдери 1 млрд сомго жетпейт:

  • Пакистандын Улуттук банкынын филиалы — көлөмү 836 млн сомдон 828 млн сомго кыскарды
  • «Аманбанк» — көлөмү 835 млн сомдон 797 млн ​​сомго чейин азайды
  • «Евразиялык сактык банкы» активдерин 550 млн сомдон 595 млн сомго көбөйттү.