> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл бюджеттен 192 млрд сом социалдык төлөмдөргө жумшалат
- URL: https://im.kg/all/2023/02/17/byjyl-bjudzhetten-192-mlrd-som-socialdyk-t-l-md-rg-zhumshalat/
- Published: 2023-02-17T09:19:05.000Z
- Updated: 2023-02-17T09:19:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бюджеттик саясатта негизги басым социалдык тармакка басым жасалат. Бул тууралуу минкабдын төрөгасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясында билдирди.**

Төрөбаев бюджеттик саясатта негизги басым социалдык тармакка басым жасаларын, 2022-жылы 203 млрд сом салыктык кирешелер түшсө, анын 150 млрд сомун эмгек акы, пенсия, жөлөкпулдарга жумшалганын айтты.

> “Ал эми 2023-жылы болсо 192 млрд сом жумшалары күтүлүп жатат”, – деди ал.

Ошондой эле жыйында Кыргызстандын макроэкономикасындагы көрсөткүчтөр айтылды. Анда билдиришкендей, 2022-жылы ИДПнын өсүшү 7%ды түзүп, анын ичинде айыл чарба 7.3%, өнөр жай 12.2%, курулуш 8%, кызмат көрсөтүү 4.8%га жеткен.