Быйыл бюджеттен 192 млрд сом социалдык төлөмдөргө жумшалат

Бюджеттик саясатта негизги басым социалдык тармакка басым жасалат. Бул тууралуу минкабдын төрөгасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясында билдирди.

Төрөбаев бюджеттик саясатта негизги басым социалдык тармакка басым жасаларын, 2022-жылы 203 млрд сом салыктык кирешелер түшсө, анын 150 млрд сомун эмгек акы, пенсия, жөлөкпулдарга жумшалганын айтты.

“Ал эми 2023-жылы болсо 192 млрд сом жумшалары күтүлүп жатат”, – деди ал.

Ошондой эле жыйында Кыргызстандын макроэкономикасындагы көрсөткүчтөр айтылды. Анда билдиришкендей, 2022-жылы ИДПнын өсүшү 7%ды түзүп, анын ичинде айыл чарба 7.3%, өнөр жай 12.2%, курулуш 8%, кызмат көрсөтүү 4.8%га жеткен.