Иштамберди алтын кенинде кар көчкү түштү

17-февраль күнү эртең менен жааган кардан улам Иштамберди алтын кенинин тоолуу аймагына кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу Тоо-кен металлургия профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы Эльдар Тажибаев билдирди.

Кар көчкүнүн кесепетинен «Фулл Голд Майнинг» ишканасынын кызматкерлери жашаган жатакананын имараты жабыркаган. Жабырлануучулардын үчөө Ала-Бука аймактык ооруканасына жеткирилген.

Белгиленгендей, алтын өндүрүүчү ишкананын 200гө жакын кызматкери кенден жашаган жерине түшүрүлүп, калыбына келтирүү иштери башталды.