Кыргызстандагы күрөөканалардын 39% гана уставдык капиталын 2 млн сомго жеткирди

2023-жылдын 1-январында киргизилген министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, уставдык капиталдын өлчөмүн 2 млн сомго чейин көбөйтүү талабын күрөөканалардын 39%ы гана аткарган. Бул тууралуу Мамлекеттик каржы көзөмөл кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, быйыл жыл башында Кыргызстанда 417 күрөөкана катталган. Анын ичинен 164 ломбард гана уставдык капиталын 2 млн сомдук талапка жеткирген.

Талапты аткарган күрөөканалардын толук тизмеси менен мамлекеттик аржы көзөмөлүнүн сайтынан таанышууга болот.


2023-жылы күрөөканалар уставдык капиталын 2 млн сомго чейин көбөйтүүсү керек

Январь-март айларында экономиканын финансы секторунун кирешесинин 93%ын банк сектору камсыздады

Кыргызстандын каржы мекемелери 46 млрд сом киреше тапты