Салык кызматында быйыл айып санкциялар колдонулбайт
ЭТТКны колдонууда ишкерлерде пайда болгон кыйынчылыктарды эске алуу менен Салык кызматында быйыл айып санкциялары колдонулбайт, бул системага жеңил өтүүгө мүмкүндүк берет.
Мамлекеттик салык кызматы 17-февралда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонуу маселеси боюнча бизнес өкүлдөрү менен чай үстүндө жолугушуу өткөрүп, ЭТТКны киргизүүгө байланыштуу көйгөйлөрдү талкуулашканын мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Талкуунун жүрүшүндө Салык кызматы ЭТТК системасын киргизүүгө бизнестин реакциясына мониторинг жүргүзөрүн жана бизнеске ыңгайлуу болуш үчүн, аны жакшыртуунун үстүндө иштеп жаткандыгын белгиледи.
МСКнын төрагасы Алтынбек Абдувапов Салык кызматы жыл аягына чейин бир катар системаларды бириктирүү үстүндө иштеп жатканын, бул ишкерлердин ишин жеңилдетерин билдирди.
ЭТТКны колдонууда ишкерлерде пайда болгон кыйынчылыктарды эске алуу менен Салык кызматында быйыл айып санкциялары колдонулбайт, бул системага жеңил өтүүгө мүмкүндүк берет.
“ЭТТК мамлекетке гана эмес, бизнеске да керек. Муну жакынкы күндөрү өзүңөр байкайсыңар. Кээ бирөөлөр ачык-айкын иштегиси келбегендиктен нааразылыктарын билдирип, коомчулукка туура эмес маалымат берип, товарлардын кымбатташынан коркуп жатышат. Алар менен да түшүндүрүү иштери жүрүп жатат”, – деди Абдувапов.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын 15-майынан бери мунай, мунайзаттарды жана товарларды жүгүртүүчү салык төлөөчүлөр, 2022-жылдын 1-июлунан бери Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген товарларды жүгүртүү менен алектенген салык төлөөчүлөр ЭТТКны колдонушууда. 2023-жылдын 1-январынан тартып ЭТТКны товарларды жүгүртүү менен алектенген ишкерлер колдонууга тийиш.