> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өткөн жылы калктын адам башына колдогу акчалай кирешелери 7.6 миң сомду түздү
- URL: https://im.kg/all/2023/02/17/tk-n-zhyly-kalktyn-adam-bashyna-koldogu-akchalaj-kiresheleri-7-6-mi-somdu-t-zd/
- Published: 2023-02-17T17:30:52.000Z
- Updated: 2023-02-17T17:30:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Калктын адам башына эсептелген колдогу акчалай кирешелери 2022-жылдын январь-сентябрь айларында жалпы республика боюнча айына 7 миң 600 сомду түзүп, 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 17.3%га көбөйгөн. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалыматында айтылат.**

2022-жылдын январь-сентябрь айларында керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген калктын **реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү 409 млрд сомду** түзүп, мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2.9%га өскөн.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/Screen-Shot-2023-02-17-at-17.26.43.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/Screen-Shot-2023-02-17-at-17.26.43.png)

КРнын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2022-жылдын январь-сентябрь айларында 464.3 млрд сомду түздү.