Өткөн жылы калктын адам башына колдогу акчалай кирешелери 7.6 миң сомду түздү

Калктын адам башына эсептелген колдогу акчалай кирешелери 2022-жылдын январь-сентябрь айларында жалпы республика боюнча айына 7 миң 600 сомду түзүп, 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 17.3%га көбөйгөн. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалыматында айтылат.

2022-жылдын январь-сентябрь айларында керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү 409 млрд сомду түзүп, мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2.9%га өскөн.

КРнын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2022-жылдын январь-сентябрь айларында 464.3 млрд сомду түздү.