> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жарым млн калкы бар Ошто таза суу берүү дагы токтоду
- URL: https://im.kg/all/2023/02/17/zharym-mln-kalky-bar-oshto-taza-suu-ber-dagy-toktodu/
- Published: 2023-02-17T14:07:55.000Z
- Updated: 2023-02-17T14:07:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогорулагандыгына байланыштуу Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивтеринен башка аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулду.**

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, “Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасы эртең менен саат 07:00дө сел түшкөн Озгур айылынын Кызыл-Кыштак тилкесинде тийиштүү иштерди жүргүзүүдө.

> “Ошто таза суу берилгенге чейин жарандарга ичүүчү сууну жеткирип беришет “Ошшаарсууканал” суу менен камсыз кылуу үчүн арыздарды кабыл алат”, – дейт мэрия.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын тургундары ичүүчү сууну Ак-Буура дарыясынан алгандыктан, **суу жамгырдан кийин булганса** сааттап, айрым учурда **эки-үч күнгө чейин шаар эли таза суусуз калат.**

---

[Акылбек Жапаров: Ош шаарында таза ичүүчү суунун жоктугу — нонсенс](http://localhost/info-portal/pikir/2023/02/08/akylbek-zhaparov-osh-shaarynda-taza-ich-ch-suunun-zhoktugu-nonsens/)

[Ошто таза суу көйгөйү ордунан жылган жок — биринчи жарыяланган тендер жараксыз деп табылды](http://localhost/info-portal/news/2022/11/01/oshto-taza-suu-k-jg-j-ordunan-zhylgan-zhok-birinchi-zharyyalangan-tender-zharaksyz-dep-tabyldy/)

[Ош шаарына таза суу берүү токтотулат](http://localhost/info-portal/news/2022/11/08/osh-shaaryna-taza-suu-ber-toktotulat/)