Жарым млн калкы бар Ошто таза суу берүү дагы токтоду
Жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогорулагандыгына байланыштуу Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивтеринен башка аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулду.
Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, “Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасы эртең менен саат 07:00дө сел түшкөн Озгур айылынын Кызыл-Кыштак тилкесинде тийиштүү иштерди жүргүзүүдө.
“Ошто таза суу берилгенге чейин жарандарга ичүүчү сууну жеткирип беришет “Ошшаарсууканал” суу менен камсыз кылуу үчүн арыздарды кабыл алат”, – дейт мэрия.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын тургундары ичүүчү сууну Ак-Буура дарыясынан алгандыктан, суу жамгырдан кийин булганса сааттап, айрым учурда эки-үч күнгө чейин шаар эли таза суусуз калат.
Акылбек Жапаров: Ош шаарында таза ичүүчү суунун жоктугу — нонсенс
Ошто таза суу көйгөйү ордунан жылган жок — биринчи жарыяланган тендер жараксыз деп табылды