Быйыл жол тармагына республикалык бюджеттен 14.5 млрд сом каралды

Жол тармагын өнүктүрүү максатында, 2023-жылга карата Транспорт жана коммуникациялар министрлигине республикалык бюджеттен жалпысынан, 14.5 млрд сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Анын ичиде:

  • учурдагы бюджеттен – 2.3 млрд сом
  • мамлекеттик инвестициялар – 12.1 млрд сом.

Азыркы күндө Финансы министрлиги тарабынан учурдагы бюджеттен унаа жолдорун кышкы тейлөөгө жана битум сатып алууга 434 млн сом суммасында каржылоо ачылган.