Майнингден өткөн жылы бюджетке дээрлик 11 млн сом салык түштү
2022-жылы майнинг тармагынан республикалык бюджетке 11 млн 931 миң сом түштү. Мындай маалыматты Финансы министрлиги билдирди.
Кыргызстанда 2020-жылдын 1-августунан тартып криптовалюта менен алектенген жеке ишкерлер үчүн майнинг салыгы киргизилген жана ал киреше салыгынын, КНС жана сатуудан түшкөн салыктын ордун баскан.
Майнинг салыгы КНСти жана сатуудан түшкөн салыкты кошкондо, майнинг учурунда керектелген электр энергиясы үчүн чегерилген суммалардын негизинде түзүлөт. Салык ставкасы 15% өлчөмүндө белгиленген.
Эскерте кетсек, майнинг иштетүүчү субъекттер үчүн электр энергиясына жогорулатылган тариф кВт/саат үчүн 5.04 сом өлчөмүндө белгиленген (салыктарды эсепке албаганда).
Өткөн жылдын сентябрь айында Энергетика министрлиги Кыргызстанда беш майнинг ишканасы иштеп жатканын, алар электр энергиясын өз алдынча өндүрүп, жалпы электр тармагына кошулбаганын билдирген болчу.