> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекет бул жылы Жол фондунан 3 млрд сомдон ашык каражат түшөт деп күтүүдө
- URL: https://im.kg/all/2023/02/20/mamleket-bul-zhyly-zhol-fondunan-3-mlrd-somdon-ashyk-karazhat-t-sh-t-dep-k-t-d/
- Published: 2023-02-20T11:41:04.000Z
- Updated: 2023-02-20T11:41:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылы Жол фондунун каражаттарынын түшүүсү болжол менен 3.1 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги Транспорт жана коммуникациялар министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.**

> Ошондой эле министрлик Жол фондуна учурдагы бюджеттин ичинен 2 млрд сом суммасында чегерүү каралганын белгиледи.

Эскерте кетсек, жол тармагын өнүктүрүүгө жумшалуучу каражаттардын көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзүү максатында 2022-жылдын 30-майында КР “Жол фонду жөнүндө” Мыйзамы кабыл алынып, Мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген. Мыйзамда Жол фондун түзүүнүн булактары жана колдонулушу аныкталган.