Россиядан келген үрөн «Айыл банк» жана «РСК банкы» аркылуу 4.5% менен берилет

Россиядан алынып келинген үрөн дыйкандарга “Айыл банк” жана “РСК банкы” аркылуу үч жылдык мөөнөткө 4.5% пайыз менен берилет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин дыйканчылыкты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Аскат Асанов “Спутник” радиосундагы маегинде айтты.

Анын айтымында, Кыргызстандын үрөн чарбалары дыйкандарды үрөн менен 45%га камсыздай алат. Учурда Россиядан күзүндө алып келинген жаздык үрөндөр да бар.

“Бүгүнкү күндө Мамлекеттик материалдык резерв фонду менен биргеликте аларды таратып жатабыз. Учурда арпа, буудай, күн карама, соя, буурчактын үрөндөрү райондордогу Айыл чарба министрлигинин өкүлчүлүктөрүндө берилүүдө. Мисалы, Баткен, Ош облусуна 120 тонна, Сузакка 30 тонна арпанын жаздык үрөнү жиберилди. Россиядан алып келинген үрөн “Айыл банк” жана РСК банкы аркылуу үч жылдык мөөнөткө баштапкы төлөмсүз 4.5% менен берилет. Жалпысынан үрөн өлкөгө РФ, Казакстан, Өзбекстан, Түркиядан жана жеке чарбалар аркылуу жаӊы сорттогусу Кытайдан да алып келинет”, – деди Асанов.

Ошондой эле Асанов 2022-жылы атайын республикалык комиссия түзүлүп, үрөн чарбалары текшерүүдөн өткөнүн, буга чейин үрөн чарба статусу бар жайлардын саны 138ди түзгөн болсо, анын 96сы талапка жооп бере тургандыгын кошумчалады.


Айыл чарба министрлиги мөөнөтү өтүп кеткен 5 миң тонна селитраны кармап турат — ал дыйкандарга сатылат

Мамматрезерв Өзбекстандан алган 20 миң тонна жер семирткичтин 5 миң тоннасы гана КРга келди — бирок акча толук которулган