> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров президенттердин жолугушуусун өз каражатынан уюштурган
- URL: https://im.kg/all/2023/02/20/sadyr-zhaparov-prezidentterdin-zholugushuusun-z-karazhatynan-ujushturgan/
- Published: 2023-02-20T16:25:06.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров бардык мурдагы мамлекет башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу Жапаров ишемби күнү, 18-декабрда Фейсбуктагы баракчасында билдирди.**

Жыйынга Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков катышкан.

Буга чейин президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев жолугушуу бейтарап аймакта өткөнүн билдирген. Бирок кийинчерээк жолугушуу Дубайда болгону белгилүү болду.

> [E](http://e/)[conomist](http://www.economist.kg/) басылмасынын жолугушуу кайсы каражаттын эсебинен уюштурулду деген суроосуна, президенттин маалымат кызматы жолугушуу Садыр Жапаровдун жеке каражатынын эсебинен уюштурулганын билдирди.

Президент жолугушууга кайсы учак менен барганы азырынча белгисиз. Жапаровдун чет өлкөгө акыркы рейси мамлекеттик ТУ-154 учагы менен Будапештке болгон.