Садыр Жапаров президенттердин жолугушуусун өз каражатынан уюштурган

Президент Садыр Жапаров бардык мурдагы мамлекет башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу Жапаров ишемби күнү, 18-декабрда Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Жыйынга Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков катышкан.

Буга чейин президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев жолугушуу бейтарап аймакта өткөнүн билдирген. Бирок кийинчерээк жолугушуу Дубайда болгону белгилүү болду.

Economist басылмасынын жолугушуу кайсы каражаттын эсебинен уюштурулду деген суроосуна, президенттин маалымат кызматы жолугушуу Садыр Жапаровдун жеке каражатынын эсебинен уюштурулганын билдирди.

Президент жолугушууга кайсы учак менен барганы азырынча белгисиз. Жапаровдун чет өлкөгө акыркы рейси мамлекеттик ТУ-154 учагы менен Будапештке болгон.