> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өткөн жылы калктын 4% гана 66 миң сомдон айлык акы алышкан
- URL: https://im.kg/all/2023/02/20/tk-n-zhyly-kalktyn-4-gana-66-mi-somdon-ajlyk-aky-alyshkan/
- Published: 2023-02-20T10:29:24.000Z
- Updated: 2023-02-20T10:29:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КР Улутстатком 2022-жылдын ноябрь айында толугу менен иштеген ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин эсептелген эмгек акынын өлчөмү боюнча санынын жылдык изилдөөсүнүн жыйынтыгын чыгарды.** 

Анда берилген маалыматка ылайык, кызматкерлерди бөлүштүрүү 2022-жылы 2 миң 200 сомду түзгөн минималдуу эмгек акынын минималдык өлчөмүн колдонуу менен жүргүзүлгөн.

Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, 240 миңден ашуун адам же кызматкерлердин дээрлик жарымы (49%) 22 миң сомдон 66 миң сомго чейинки өлчөмдө эмгек акы алышкан.

> 20 миңге жакын адам же жалпы жумушчулардын 4%ы 66 миң сомдон ашык өлчөмдө эмгек акы алышкан. Ошол эле убакта 19 миңден ашуун адам (4%) 6 миң 600 сомго чейинки өлчөмдө эмгек акы алышкан.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/Screen-Shot-2023-02-20-at-10.26.12.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/Screen-Shot-2023-02-20-at-10.26.12.png)