> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жазгы талаа жумуштарына дизель отуну 65 сомдон дыйкандарга бериле баштады
- URL: https://im.kg/all/2023/02/20/zhazgy-talaa-zhumushtaryna-dizel-otunu-65-somdon-dyjkandarga-berile-bashtady/
- Published: 2023-02-20T17:50:01.000Z
- Updated: 2023-02-20T17:50:03.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жазгы талаа жумуштарына 3 млн литр дизель отуну 65 сомдон дыйкандарга бериле баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

Жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө республика боюнча жалпы 42.1 миң тонна күйүүчү-май (КММ) материалы керектелсе, нефтебазаларда жана автомай куючу жайларда 25 миң тонна дизелдик отун, 20 миң тонна автобензин бар экенин министрлик маалымдады.

> “Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Red Petroleum компаниясынын ортосунда дизелдик отун сатып алуу боюнча келишимдин негизинде квота райондорго бөлүштүрүлүп, жазгы талаа жумуштарына 3 млн литр дизель отуну 65 сомдон дыйкандарга бериле баштады”, – деп айтылат маалыматта.

КММ алуу үчүн дыйкандар жергиликтүү айыл өкмөттөргө кайрылуусу зарыл.