Бишкекте апрель айында Глобалдык Жашыл Өнүгүү Институтунун кеңсеси ачылат
Бишкекте апрель айында Глобалдык Жашыл Өнүгүү Институтунун (GGGI ) кеңсеси ачылат. Бул тууралуу кабминдин төрагасы Акылбек Жапаров GGGI башкы директору Франк Рейсберман жетектеген делегацияны кабыл алуу учурунда айтылды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде жашыл экономиканы өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча келечектүү долбоорлорду жана программаларды талкуулашты.
«Биздин өлкө 2030-жылга карата парник газдарын бөлүп чыгарууну 44% кыскартууну максат кылууда. 2050-жылга чейин жашыл өнүгүү платформасында биз көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кылабыз. Локомотив катары энергиянын кайра жаралуучу булактары, биринчи кезекте гидроэнергетика болот», – деди Жапаров.
Өз кезегинде Франк Рейсберман өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдирип, үстүбүздөгү жылдын апрель айында республикада GGGI филиалын ачуу пландалып жатканын белгиледи.
Маалымат иретинде:
Глобалдык Жашыл Өнүгүү Институту (GGGI) 2012-жылы Рио+20 (Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүктүрүү боюнча Конференциясы) конференциясында түзүлгөн эл аралык өкмөттөр аралык уюм болуп саналат, ал өлкөлөргө экономикалык өсүштүн жаңы моделин — “жашыл өсүштү” иштеп чыгууда жана жайылтууда колдоо көрсөтүп, бир эле учурда экономикалык көрсөткүчтөргө жана экологиялык туруктуулукка багытталган. GGGI иши жашыл экономиканы өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго каражат табуу үчүн өкмөткө техникалык жардамды берүүнү айкалыштырат.