КР менен ӨР «Достук-Дустлик» өткөрүү пункттарында «Электрондук кезек» системасын киргизүүнү көздөөдө

Кыргызстан менен Өзбекстан «Достук» жана «Дустлик» көзөмөл-өткөрүү пункттарында «Электрондук кезек» системасын киргизүүнү көздөөдө. Бул пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашса, Борбор Азияда биринчи жолу болуп кала тургандыгын Экономика министрлиги билдирди.

17-18-февраль күндөрү кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы “Достук” – “Дустлик” көзөмөл өткөрүү пунктунда КР Экономика жана коммерция министрлигинин, Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрүнүн, Өзбекстандын Мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү жана Эл аралык соода борборунун (ЭСБ) командасы менен жолугушуусу болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө коңшу мамлекеттердин өкүлдөрү «Достук» жана «Дустлик» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ортосундагы автотранспорттордун кыймылын оптималдаштыруу максатында чек арадагы кезекти башкаруунун электрондук системасын пилоттук түрдө киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Белгилей кетсек, бул демилге чек арадагы электрондук кезекти башкаруу системасынын пилоттук долбоору ийгиликтүү ишке ашса, Борбор Азияда биринчи жолу болуп калат.


Ош аэропортунан «Достук» өткөрүү бекетине Go Bus каттамы ачылат – Туризмди өнүктүрүү фонду

Кыргызстан Өзбекстандын жарандарына ID-паспорт менен кирүүгө уруксат берген биринчи өлкө болду