> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сергитүүчү алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгы литрине 2 сом өлчөмүндө каралды
- URL: https://im.kg/all/2023/02/21/sergit-ch-alkogolsuz-suusunduktarga-akciz-salygy-litrine-2-som-lch-m-nd-karaldy/
- Published: 2023-02-21T11:26:47.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:38:36.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Акциздик товарлардын топтору боюнча акциздик салыкты башкарууну өркүндөтүү жана күчөтүү максатында токтом кабыл алынды. Ага ылайык, энергетикалык суусундуктарга акциз салыгы литрине 2 сом өлчөмүндө калды. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.**

**Бул токтом төмөнкүлөрдү караштырат:**

- 2024-жылдын 1-январынан баштап сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктарга акциздик марканы колдонуу
- Сергитүүчү алкоголсуз суусундуктарга акциздик марканы колдонуунун мөөнөтүн 2023-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 1-январына чейин узартуу
- Сергитүүчү алкоголсуз суусундуктарга 2023-жылдын 1-январындагы күчүнө кире турчу **акциз салыгынын ставкасы 1 литрге 2 сом өлчөмүндө** каралган (буга чейин бул товардык позицияга акциз салыгынын ставкасы 2023-жылдын 1-январынан тартып 1 литрине 20 сом өлчөмүндө каралган).
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден алкоголдук продукцияны импорттоочуларга банктык кепилдик формасында акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын талаптагыдай колдонуу боюнча депозит салуу мүмкүнчүлүгү каралган.