Сергитүүчү алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгы литрине 2 сом өлчөмүндө каралды

Акциздик товарлардын топтору боюнча акциздик салыкты башкарууну өркүндөтүү жана күчөтүү максатында токтом кабыл алынды. Ага ылайык, энергетикалык суусундуктарга акциз салыгы литрине 2 сом өлчөмүндө калды. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Бул токтом төмөнкүлөрдү караштырат:

  • 2024-жылдын 1-январынан баштап сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктарга акциздик марканы колдонуу
  • Сергитүүчү алкоголсуз суусундуктарга акциздик марканы колдонуунун мөөнөтүн 2023-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 1-январына чейин узартуу
  • Сергитүүчү алкоголсуз суусундуктарга 2023-жылдын 1-январындагы күчүнө кире турчу акциз салыгынын ставкасы 1 литрге 2 сом өлчөмүндө каралган (буга чейин бул товардык позицияга акциз салыгынын ставкасы 2023-жылдын 1-январынан тартып 1 литрине 20 сом өлчөмүндө каралган). 
  • Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден алкоголдук продукцияны импорттоочуларга банктык кепилдик формасында акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын талаптагыдай колдонуу боюнча депозит салуу мүмкүнчүлүгү каралган.