> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банктын кирешеси январь айында эки эсе кыскарды
- URL: https://im.kg/all/2023/02/21/uluttuk-banktyn-kireshesi-yanvar-ajynda-eki-eseden-ashyk-kyskardy/
- Published: 2023-02-21T17:57:28.000Z
- Updated: 2023-02-22T18:07:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын январында Улуттук банктын кирешеси өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу (3.1 млрд сом) эки эседен ашык азайып, 1.3 млрд сомду түздү. Маалыматтар регулятордун сайтында жарыяланды.**

Улуттук банктын активдери 397.6 млрд сомду түздү (2022-жылдын январына карата дээрлик 100 млрд сомго өскөн). Милдеттенмелер 334.6 млрд сом (+97.2 млрд) деңгээлинде ал эми капиталы болсо 63 млрд сомду түздү.

Эске салсак, өткөн жылдын аягында Улуттук банктын кирешеси 9.5 млрд сомду түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 244 млн сомго (+2.7%) көп болгон.