«Нарын» аэропортунун аэродромунун элементтерин жаңылоо иштери пландалууда

2022-жылы “Нарын” аэропортунун аэродромунун элементтерин жаңылоо иштери пландалууда. Бул тууралуу минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында белгилүү болду.

Минкабдын маалымат кызматынын билдиришинче, Жапаров Нарын шаарындагы саатына 100 жүргүнчүнү кабыл ала турган аэровокзал комплексинин курулушу менен таанышкан. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 2023-жылдын II кварталы.

“Ошондой эле үстүбүздөгү жылы “Нарын” аэропортунун аэродромунун элементтерин жаңылоо иштери пландалууда”, – деп айтылат маалыматта. 

Жапаров Нарында Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун абалы менен таанышкан.

 Белгилей кетсек, 17-февралдан тартып Нарын облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген болуучу. Учурда трассада кар көчкүлөрүн жасалма жол менен түшүрүү иштери жүрүп, атайын техникалар иштеп жаткандыгына байланыштуу, унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген. 16-февралдан 20-февралга чейинки аралыкта 1 млн 222 750 м3 кар түшүрүлгөн. 21-февраль күнү саат 09.30га карата Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталган. Ошол себептүү убактылуу жабылган, кайрадан саат 18.00дө унаа кыймылы үчүн жолду ачуу пландалууда.