> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россиянын дагы эки шаарында Кыргызстандын башкы консулдуктары ачылат
- URL: https://im.kg/all/2023/02/22/rossiyanyn-dagy-eki-shaarynda-kyrgyzstandyn-bashky-konsulduktary-achylat/
- Published: 2023-02-22T09:54:50.000Z
- Updated: 2023-02-22T09:54:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Санкт-Петербургда жана Казань шаарларында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылат. Россиянын өкмөтү КР Тышкы иштер министрлигинин тиешелүү сунушун жактырганын россиялык басылмалар билдиришти.**

Маалым болгондой, Санкт-Петербургдагы Башкы консулдукка Карелия, Коми, Архангельск, Вологда, Калининград, Мурманск, Новгород, Псков жана Ленинград облустарынын тургундары кайрылса болот.

Казандагы консулдук болсо Татарстан, Башкырстан, Мари Эл, Мордовия, Удмуртия, Чувашия жана Ульяновск облусунун аймактарына жооптуу болот.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын эки башкы консулдугу Россияда — Новосибирск жана Екатеринбургда шаарларында иштешет.